Бүгүн, 1-октябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов “Боорукердик” үй интернатында жашап жаткан карылардан кабар алып, мэрия тарабынан жардамдарды, белектерди тапшырып кайтты.
Вице-мэр ар бирине ден соолук каалап, Ош шаарынын мэриясы тарабынан тынымсыз колдоолор болуп тура турганын кошумчалады.
“Боорукердик” үй интернатында жалпысынан 30 карыя бар, алардын 14 аял киши, 16 эрке киши. Ошондой эле өспүрүмдөр да тарбияланып келет.
Вице-мэр Э. Шадыханов социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К. Абдуллаев, социалдык кызматкерлер менен биргеликте 100 жаштан ашкан Анипа Саипова жана Турдихан Насирова энелердин майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын мэринин атынан акчалай белектерди жана азык түлүктөрдү тапшырышты.
“Ош шаарында жалпысынан 15 миңге жакын карылар бар. 100 жаштан өткөн 3, 90 жаштан өткөн -114, багаар көрөөрү жок 26 карыя бар. Жалгыз бой калган карылар үчүн Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан атайын кызматкерлер бөлүнүп берилген. Бекитилген графиктин негизинде үйлөрүнө барып күнүмдүк тиричиликтерине жардам берип, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен биргеликте ден соолугуна кам көрүп турат”, -деди Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев.