Версия для печати
Среда, 12 Август 2020 11:36

Ош шаарында салык чогултуу иштери күчөтүлдү

Бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Туруевдин катышуусунда жергиликтүү бюджетти толтуруу боюнча жыйын болуп өттү. Ага салык кызматынын эмгек жамааты жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри жергиликтүү бюджеттин планын толтуруу максатында бир катар тапшырмаларды берип, МАБдын башчыларын салык кызматкерлери менен биргеликте аймактарды кыдыруу боюнча талап койду.
“Жергиликтүү бюджеттин 7 айга коюлган планы 82 пайызга гана аткарылды.
Жыл аягына чейин планды толтуруу үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү иштери менен күчөтүлгөн тартипте салык чогултуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. 617 млн. сом акча каражатын топтоо тапшырмасы берилген, бирок кырдаалда киргизилген чектөөлөргө байланыштуу планды 100% аткарууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Учурда муниципалдык аймакты башкармалыктын кызматкерлери, салык кызматынын адистери менен биргеликте жеринде иш алып барып, үймө-үй кыдыруу жолу менен салыкты топтоо тапшырмасы берилди”,- деди С.Турдуев.

1-сентябрга чейин Ош шаарында күчөтүлгөн тартипте жер, мүлк жана транспорт салыгын чогултуу иштери жүрөт. 

Окулду 137 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо