Ош шаарынын мэриясынын атайын протоколдук тапшырмасына ылайык, "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы пневмония жана COVID-19 менен ооругандар үчүн ачылган обсервациялардан жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды санитардык эрежелердин негизинде жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурларды
каздырып даярдады.
COVID-19 оорусу менен ооруп, үй шартында даарыланып жаткан тургундардын үйлөрүнөн чыгарылган медициналык жана кооптуу таштандылар үчүн атайын таштанды контейнерлери төмөнкү даректерге коюлду:
1. Кулатов 14-үйдүн жанында;
2. Айтиев 13-үйдүн жанында;
3. Семетей кино театрынын жанында (ХБК);
4. Карл Маркс атындагы мектептин жанында.