7-август күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Алтын тамга”, “Алтын сертификат” ээлерин жана олимпиаданын жеңүүчүсү болгон бүтүрүүчүлөрдү кабыл алып, сыйлык тапшырды. Мэр ийгиликке жеткен окуучуларга билим берген мугалимдерди да сыйлады.
“Өлкөбүздүн жаркын келечегин билимдүү, илимдүү, мекенчил жаштар түзөт. Ар дайым билимдүүлөр керек болот. Билимдүүлөр менен өнүккөн өлкөнү курабыз. Турмуш, билим жолуңар ийгиликтүү болсун", -деди Т.Сарыбашов.
Быйылкы жылы Республикалык олимпиада бүгүнкү кырдаалга байланыштуу онлайн аркылуу өткөрүлүп, регионалдык турда 1-орунду ээлеген 19 окуучу республикалык турдун жеңүүчүсү болуп аныкталды. Ал эми 11 жылдык билимдин жыйынтыгын сыноочу “Алтын тамга” сынагында 3 окуучу татыктуу орунга жетише алды. Ошондой эле өзгөчө Жалпы Республикалык тестирлөөдө өлкө боюнча 67 баланын арасынан 3 бүтүрүүчү жогорку балл алып “Алтын сертификатка” ээ болду. Ош шаары боюнча Республикалык олимпиададан 2-орунду 20, 3- орунду 19 окуучу камсыздады.