Ош шаарынын мэриясы тарабынан 6 муниципалдык аймактык башкармалыкта жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 7 бодо мал курмандыкка чалынып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылууда.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен вице-мэрлер аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алып, МАБтардын кызматкерлери менен биргеликте эт таратышты.
Шаар аймагында тургундар тарабынан да Курман айт майрамынын урматына малдар союлуп, муктаждарга жеткирилүүдө.
Пандемияга байланыштуу чогулуп майрам тосууга тыюу салынган.