“Сапат Global” курулуш компаниясы Ош шаарындагы кырдаалды эске алып 6 кычкылтек концентраторун тапшырды. Компаниянын өкүлдөрүн Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.
Жардамга берилген кычкылтек концентраторлору шаардык клиникалык ооруканасына өткөрүлүп берилди.
Аталган компания буга чейин да коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 150 миң сом которгон.