Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринен кабар алып, көйгөйлөрүн жеринде укту. Мэр жана вице-мэрлер шаардагы бардык изоляция, стационар жана обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлерге витамин боло турган мөмө-жемиштерден азык-түлүк таратышты.
Азык-түлүк ооруканалардагы изоляцияларга, поликлиникаларга жана күндүзгү стационарларга жеткирилди.
А. Навои мектебине ачылган стационарда иштеген дарыгерлер мэр менен жолугушууда кир жуугуч машиналардын жоктугунан кыйынчылык жаралганын айтышты. Мэрдин тапшырмасы менен 3 даана кир жуугуч машина аталган стационарга жеткирилди.
Шаар мэри пандемия учурунда күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
“Ооругандардын саны азайып жатат. Ошентсе да алдын алуу максатында кошумча орундарды даярдап жатабыз. Мен сиздерден атайын кабар алганы келдим. Кандай маселе болсо бизге айткыла. Сиздер элдин ден соолугу үчүн өз өмүрүңөрдү тообокелге салып иштеп жатасыздар”,-деди шаар мэри.