Ош шаарындагы 18 изоляцияда 1182 орун даярдалган. Бүгүн, 28-июлга карата 625 адам дарланып жатат. Ал эми 570 орундукатар бош.
Маалым болгондой, бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 жаран, пневмониядан 40 бейтап айыгып чыкты.
Ал эми күндүзгү 6 стационар иштеп жатат. Анын ичинен 4 стационар бейтаптарды күнү-түнү кабыл алат.
Стационарлар шаардын Т. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде, Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанында, Алишер Навои мектебинде, Амир-Темирдеги “Дорул-Шифо” жеке клиникасында, Ак-Тилек кичи районундагы Кыргыз-Түрк достук мектебинин спорт залында жана Туран кичи шаарчасындагы медреседе жайгашкан.
Стационарларга бир суткада 354 жаран кайрылды.