Бүгүн, 27-июлда “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын Оштогу филиалы шаарда жайгашкан ооруканаларга гуманитардык жардамдарын алып келип, Ош шаарынын мэриясына тапшырды. Жалпысынан саламаттык сактоо мекемелерине 20 кычкылтек концентратору, 250 комплект жеке коргонуу каражаттары (СИЗ), 200 даана медициналык атайын бет калкан берилди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын Оштогу филиалынын жетекчиси Рашид Тагаев, саламаттык сактоонунун Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов катышты.
Шаар башчысы кайдыгер карабай илдеттен арылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамдар үчүн ыраазычылык сөзүн айтып, коронавирус жана пневмония жуктуруп ооруп жаткандарга, айыгып кетүү үчүн мыкты шарт болуп жаткандыгын белгилеп өттү.