Ош шаарынын Южный кичи районундагы медресеге 40 орундуу жана Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектептин спорт залына 40 орундуу күндүзгү стационар ачылды.
Стационарга түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, медицина кызматкерлери менен жолугушту.
Күндүзгү стационарлар эртең, 24-июлдан тарта ишин баштайт.
Стационарларга коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган атайын эсепке түшкөн каражатка керебеттер алынган.