Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык мэриянынаппаратындагы жана аймактык бөлүнүшүндөгү административдик муниципалдык кызматтын төмөндөгү бош орундарына сынак жарыялайт:
1.Коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси-юристи (Юридикалык кызматтын жетектөөчү адиси-юристинин кызматтык милдеттери жүктөлгөн) (Кенже кызмат орду “А”, 1 орун). Кесиптик билиминин деңгээли: -жогорку же орто кесиптик билим (юридикалык багыттагы). -иш стажына талап коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы), Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеёештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси; -тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Турак жай кодекси, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы); -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.
2.Ош шаарынын мэриясынын №4 “Манас Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси (Кенже кызмат орду “А”, 1 орун). Кесиптик билиминин деңгээли: -жогорку же орто кесиптик билим (финансы-экономикалык жана мамлекеттик, муниципалдык башкаруу багыттардагы). -иш стажына талап коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы), Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеёештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси; -тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдары); -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
1. Конкурстуккомиссиянынтөрагасыныннаамынаталапкердинжекеарызы;
2. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
3. Паспортунункөчүрмөсү;
4. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
5. Өмүр баян (өз колу мененжазылган, соттолгондугужанасоттолбогондугутууралуумаалыматтыкөрсөтүүменен) жана резюме;
6. 4х6 өлчөмүндөгүсүрөт;
7. Эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документеринин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди сынак расмий түрдө массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.
• Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.
• Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт. Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумчамаалыматалууүчүнбайланыштелефондору: (03222) 5-50-79.