Азия чемпиону Төрөхан Багымбай уулу үй-бүлөсү менен Ош шаардык ооруканасына 2 даана кычкылтек концентраторун жана 200 даана респиратор тапшырды. Спортчуну апасы жана бир тууган агасы менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.
Спортчунун апасы кыйын кырдаалда мүмкүнчүлүккө жараша көмөк көрсөтүү ар бир жарандын милдети экенин билдирди.
Концентраторлор Ош шаардык ооруканасына өткөрүлүп берилди.
Төрөхан Багымбай уулу 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия чемпионатында жиу-житсу боюнча алтын медаль тагындар. Бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.