Бүгүн, 14-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов обсервация катары пайдаланууга бериле турган "Бий Ордо" мейманканасына барып, шарттары менен таанышты. Мейманкана медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берилет.
"Бий Ордо" мейманканасынын жетекчиси Мунар Исанын айтымында, обсервацияда бардык шарттары менен 50 орундук даярдалып, 15-июлдан баштап ишке кирет. Бул жерде жаткан медицина кызматкерлерин тамак-аш менен ЖИА ассоциациясы камсыздайт.
Калаа башчысы мейманкананын жетекчисинине ыраазычылык билдирди.