Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы “Дорул-Шифо” медициналык жеке менчик клиникасы акысыз бейтаптарды кабыл ала баштайт. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган клиниканын ээсине ыраазычылык билдирди.
Калаа башчысынын тапшырмасы менен шаардын кичи райондоруна медициналык стационарлар уюштурулууда.
Кулатов кичи районундагы “Газпром”, Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанына ачылган стационарга жана А. Навои атындагы мектепке уюштурулган стационарларга жеңил жана орто абалдагы оорулуулар кайрылып, дарыланса болот.
Ал эми оор абалдагы бейтаптар изоляцияга которулат.