Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык мэриянын аппаратындагы жана түзүмдүк бөлүнүштөрүндөгү административдик муниципалдык кызматтын төмөндөгү бош орундарына сынак жарыялайт:
1.Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси (Жогорку кызмат орду “Б”, 1 орун).
-жогорку билим (мамлекеттик, муниципалдык башкаруу, юридикалык, финансы-экономикалык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, инженердик-курулуш, энергетика, бажы иши, айыл чарба-ветеринардык багыттардагы)
Стажы жана иш тажрыйбасы:
-жалпысынан 5 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 7 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетентүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;
-тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдары).
2. Ош шаарынын мэриясынын №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары (Башкы кызмат орду “Б”, 1 орун).
Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, финансы-экономикалык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, инженердик-курулуш, энергетика, айыл чарба-ветеринардык багыттардагы).
Стажы жана иш тажрыйбасы:
-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетентүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдары), Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;
-тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдары);
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.
3.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын иш кагаздар менен камсыздоо жана көзөмөлдөө секторунун жетектөөчү адиси (Кенже кызмат орду “А”, 1 орун).
Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку же орто кесиптик билим (гуманитардык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттарындагы).
-иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы), Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;
-тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдары);
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.
аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.
4. Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси (Кенже кызмат орду “А”, 1 орун)
Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку же кесиптик орто билим (финансы-экономикалык жана мамлекеттик, муниципалдык башкаруу багыттардагы).
-иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы), Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;
-тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамдары);
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы;
2. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
3. Паспортунун көчүрмөсү;
4. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
5. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен) жана резюме;
6. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт;
7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди сынак расмий түрдө массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.
• Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.
• Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт.
Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.