Версия для печати
Понедельник, 06 Июль 2020 11:36

Ош шаарында 600дөй орун даяр болуп, мэр даярдык иштерин текшерди

Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду. Даярдоо иштери менен Ошшаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, ар кандай кырдаалга даяр болуш керектигин билдирди.

Бүгүн,6-июлдан баштап шаардынТ. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде 100 орундуу стационар ишке кирди. Бул жайда жеңил жана орто абалдагы бейтаптар кайрылып, жардам алышат.

Ал эмипневмонияга жана коронавируска кабылгандардын саны көбөйсө жогорку окуу жайдын жатаканасында 300 орун, жеке менчик “Андрос ”медициналык борбору жана “Классик”мейманканасында 100дөн ашуун орун даярдалган.

Ал эми ”Sunrise” мейманканасына 50 орундуу обсервация даярдалды.

Шаар мэри“Каныкей” ресторанына да күндүзгү стационар уюштуруу тапшырмасын берип, жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

“Биз бугачейин эле алдын алуу максатында орундарды даярдаганбыз. Дагы кошумча 500дөнашуун орундар даярдалууда. Жеке ишкерлер да жакындан жардам берип жатышат. Бизалдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Даярдалган орундар адамдарга толбосун.Өкмөт, ишкерлер тараптан керектүү аппараттар да берилип жатат. Элибиз дарыгерлер койгон талаптарды угуп, аткаруусун суранат элем”,-деди шаар мэри.

Окулду 232 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо