Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен Т. Кулатов кичи районунда жайгашкан "Газпром" спорт залында 100 орундуу койка даярдалууда. Орундуктары жайгаштырууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ош шаардык башкармалыгынан 60 куткаруучусу тартылган.
Эртең, 6-июлдан тарта ишин баштайт. Стационарда жеңил жана орто абалдагы бейтаптар дарыланат.
Мындан тышкары пневмония жана коронавируска кабылган жарандарды дарылоо үчүн 500дөн ашуун орун даярдоого тапшырма берилди.