Ош шаарында пневмония жана коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орундар даярдалууда. Бул боюнча бүгүн, 5-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен өткөргөн жыйында билдирди. Шаар мэри ар кандай кырдаалга даяр туруу керектигин айтып, оор бейтаптар, жеңил жана орто абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалуусу керектигин баса белгиледи.
“Биз ар кандай абалга даяр болушубуз керек. Жабык имараттарда оор абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалсын. Жеңил жана орто бейтаптар үчүн да өзүнчө стационар борборлорун даярдагыла. Ал борбордон капельница алып, дарыгерлерден жардам алышат. Ал эми оор абалдагылар оорукана алып барылат. Борборду мен бүгүн кечинде барып текшерем. Мындай кырдаалда бири-бирибизге жардам беришибиз керек”,-деди мэр.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагы боюнча координатору Кыялбек Ташболотов менен СЭСтин башчысы Санталат Орозбаева эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат беришип, абал оорлошуп жаткандыгын билдиришти.
Кычкылтек концентратор жана ИВЛ аппараттарын көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканына токтолушту.
Мэр дарыгерлердин резервин түзүү, жеке медициналык клиникаларды да СОVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берүүгө чакырды.
Ошондой эле мобилдик бригадалар жана колл-центрдин чыгымдарына көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.