Ош шаарында COVID-19 инфекциясына байланыштуу абал оорлоп бараткандыгы үчүн ыктыярчы дарыгерлерди жардамга чакырабыз.
Ош шаарында март айынан бери медицина кызматкерлери, эпидемиологдор күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Дарыгерлер тынымсыз иш алып барып, айрымдары оору жугузуп алгандыктан медицина кызматкерлери тартыш болууда.
Биз кайдыгер эмес жогорку, орто билимдүү жана тажрыйбасы бар медицина кызматкерлерин, ординаторлорду жардамга келишин өтүнөбүз.
Кайрылгандар Ош шаардык ооруканасы менен келишимдик негизде иш алып барышып, айлык акысы берилет.
Байланыш телефондору: (0772) 45 49 49, (0550) 29 26 24.