Версия для печати
Пятница, 12 Июнь 2020 12:25

Эртең Ош шаарында жалпы ишембилик болот

Бүгүн, 12-июнь Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусунда санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча штабынын отуру болуп өттү.

 
Жыйында вице-мэр шаар боюнча ишембилик өткөрүү тапшырмасын берди.
“Кырдаалга байланыштуу жаз айларында өтө турган ишембиликтер болгон жок. Андыктан жалпы ишембилик өткөрүп айлана-чөйрөнү тазалоо зарылчылыгы турат. 13-июнь баардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери өздөрүнүн айланасын тазалап, муниципалдык аймактык башкармалыктар өз аймагынардагы үйлөрдүн короолорун иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишембиликке активдүү катышууга чакыргыла,”- деди А.Топчубаев.
 
Жетекчилерге топтолгон акыр-чикирлерди толугу менен ташып чыгаруу иштерине көмөк көрсөтүп, тийиштүү жерлерди көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
Окулду 359 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо