Версия для печати
Четверг, 14 Май 2020 11:24

Ош шаарында аялдамалар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Ош шаарында аялдамаларды оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул иш аракеттер шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде уланып, бир айдын ичинде 100дөн ашуун аялдамаларга реконструкция жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, планга коюлган иштердин алкагында –аялдамалардагы жарыктандыруу системасы жаңыланып, жарнак жармаштырылып жарактан чыккан стенддердин айнектери алмаштырылат. Коомдук транспорттор токтоочу жайлардын айланасы ирээтке келтирилип, отургучтар, жарнама илинүүчү жайлар сырдалат. 

Окулду 330 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо