Версия для печати
Суббота, 09 Май 2020 12:43

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде өткөн гүл коюу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу Р.В Свистин, тиешелүү кызматтардын башчылары, Ош облустук жана шаардык милициянын башчылары катышты.

 
Шаар мэри Т. Сарыбашов шаардагы 6 согуштун жана 15 тылдын ардагеринен кабар алынып, тийиштүү жардамдар берилип жатканын билдирди.
 
“Биз согушта курман болгон аталарыбызды ар дайым эстеп, алардын эрдиктерин даңазалоого милдеттүүбүз. Шаардагы 6 согуштун, тылдын ардагерлеринен кабар алып, мамлекет, мэрия тарабынан жардамдар берилип турат. Жеңишке биздин ардагер аталарыбыздын эмгеги чоң”,-деди шаар башчысы.
Окулду 325 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо