Версия для печати
Понедельник, 04 Май 2020 13:13

Мэр салыкчылар менен жергиликтүү бюджеттин абалын талкуулады

Бүгүн, 4-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов салык кызматынын жетекчилери менен жолугушуп, маалыматтарын укту.

Жыйынга мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Р. Аданов, орун басарлары, мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы О. Торобаев катышты. Мэр салык чогултууда мыйзамдуу иш алып баруу, көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүү тапшырмасын берди.

Маалымат болгондой, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн шаардын жергиликтүү бюджетине апрель айында 37,7 млн. сом жыйналып, аткарылышы 37,0 пайызды түзүп (план 102,2 млн. сом), жергиликтүү бюджетке 64,5 млн. сом түшкөн эмес.

Окулду 332 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо