Версия для печати
Четверг, 30 Апрель 2020 08:58

Ош шаарында 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарында 5 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылууда. Жардам тизме боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кырдаалга байланыштуу муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө жеткирилүүдө.

Азык-түлүк мамлекеттик бюджеттик резервинен Ош шаарына бөлүнгөн каражатка алынып, атайын комиссия көзөмөл кылууда. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, соцкызматкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мэриянын кызматкерлери бар.

Ош шаарында жалпы 42 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көрсөтүлдү.

Окулду 366 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо