Версия для печати
Пятница, 30 Октябрь 2015 06:17

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын күнүн белгилөөгө келген чет өлкөлүк делегаттарды кабыл алды

Бүгүн Ош шаарынын күнүн  белгилөөгө арналган майрамдык салтанатка карата коңшу өлкөлөрдөн келген делегацияларды калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев расмий кабыл алды.

Иш чарага Орусия Федерациясынын Новосибирск шаарынан Клемешов Олег Петрович, Шумилов Олег Леонидович, Кытай Эл Республикасынын Синин шаарынын вице-мэри Джанг Донкианг, Джао Жиншей, Ланьчжоу шаарынын вице-мэри Хе Сиандон, Хуо Чжаочен, Туркия Республикасынын Йозгат шаарынын вице-мэри Али Акгул, шаар депутаты Энвер Кылыч, Амасия шаарынын мэринин орун басарлары Осман Акбаш жана Исмаил Казан, Таджикистан Республикасынан Мирзокасим Каримов, Гайрат Ишанкулов, Аскарали Мирмахмедов башка өлкөлөрдүн Ош шаарындагы атайын консулдары, эл аралык уюмдар катышууда.

Анда шаар мэри белгилегендей эл аралык мамилени бекемдөө Ош шаарынын экономикалык-маданий жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

“Ош шаары кең пейилдиктин, ынтымак-ырашкерликтин, мейман-достуктун, береке молчулугу менен таанымал. Бүгүн атына жараша заты бар, Ош шаарынын эли улуу көчтүн өнүгүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошуп келе жатат. Мындан ары да шаардын өнүгүүсү үчүн тышкы байланышты күчөтүүдө сиздердин салывмыңыздар абдан чоң”-деди А. Кадырбаев.

Келген делегаттар шаар күнү менен куттуктап Ош шаары менен тыгыз иш алып барууга чоң жол ачылгандыгын билдиришти.

Окулду 1909 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо