Версия для печати
Среда, 22 Апрель 2020 12:38

Ошто 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылууда

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарындагы жардамга муктаж 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таркатыла баштады. Таркатуу иштери менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып чыныгы, муктаж үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө жеткирүү тапшырмасын берди.

5 миң үй-бүлөгө берилип жаткан гуманитардык жардам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсептен каржыланып, 4 млн сом бөлүнгөн.
Буга чейин Ош шаарында жалпы 26 700дөн ашык үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көрсөтүлдү. Жардам алган үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү азыркы кырдаалда муктаж болгондор.
Кырдаалга жараша муктаж болгон жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен да акча каражаты бөлүнүп берилди. Гуманитардык жардам көрсөтүү иштери такталган тизме боюнча уланат.

 

Окулду 376 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо