Версия для печати
Суббота, 18 Апрель 2020 07:48

Ошто 10 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Ош шаарында 10 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылууда. 10 кг ун жана 1 литр май түрүндөгү азык-түлүк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалууларга жана азыркы кырдаалда муктаждыгы жаралган үй-бүлөлөргө берилүүдө.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен жардамдар үй-бүлөлөрдүн каттоосуна карабай таратылууда.

Өзбекстандан гуманитардык жардам катары келген ундан Ош шаарына 100 тонна бөлүнүп, 10 миң үй-бүлөгө 10 килограммдан таратууну комиссия чечкен. 10 миң литр май мэриянын атайын эсебине түшкөн каражатка сатылып алынды.

Гуманитардык жардамды муниципалдык аймактык башкармалыктар, социалдык кызматкерлер,жарандык коомдун өкүлдөрү, кварталдык комитеттер жана мэриянын кызматкерлери таратышууда.

Окулду 411 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо