Версия для печати
Пятница, 10 Апрель 2020 11:45

Ош шаарындагы оорукана жана укук коргоо органдарына Кытайдан келген гумжардам бөлүштүрүлүп берилди

Бүгүн, 10-апрелде Кытайдын Фошань шаарынан Ош шаарына келген гуманитардык жардам медицина, укук коргоо жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлүп берилди.Кытайдан 30 миң даана медициналык беткап, 100 даана инфракызыл термометр жана 100 даана медициналык бир ирет колдоонуучу формалар келген.

Мэриянын алдындагы атайын комиссия шаардык ооруканага, Ош облусуна караган райондорго, төрөт үйлөрүнө, тез жардам бекетине, коммуналдык кызматтарга жана шаардагы укук коргоо органдарына бөлүштүрүп берди.

Окулду 331 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо