Версия для печати
Пятница, 10 Апрель 2020 11:02

Өкмөт тарабынан берилген 80 тонна ун муктаждарга таратыла баштады

Өкмөттүн мамлекеттик материалдык резервдик фондунан Ош шаарындагы аярлуу катмардагы муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнгөн. Мамлекеттик материалдык резервден бөлүнгөн жардамдын алгачкы партиясы – 50 тонна ун Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган 605 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, 395 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 5-апрельде бөлүштүрүлүп берилген. (Жалпы 1000 адамга 1 каптан ун берилген).

 
Бүгүн, 10-апрелде калган 80 тонна ун муниципалдык аймактык башкармалыктарга берилди. Комиссиянын чечими менен ар бир муниципалдык башкармалыктардагы 200 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (каттоосуна карабай учурда шаарда жашап жаткандар), 1151 бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, 617 мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө 25 кг дан жана 54 социалдык камсыздоого укугу жок улгайган жарандарга 14 кг дан (800 кг) таркатылып берилет.

 

Окулду 723 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо