Версия для печати
Четверг, 02 Апрель 2020 13:00

Ош шаарындагы муктаж үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө азык-түлүк жеткирилүүдө

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен вагондо күн кечирип жаткан эне балага ун, азык-түлүктөр жеткирилди.

Мэр вагондо жашап жаткандарга азык-түлүк, кийим-кечеден такай жардам көрсөтүлүүсүн өз көзөмөлүнө алды. Аларга кайрымдуу жарандар да азык-түлүктөн жардам көрсөтүп турушат.
Шаар мэри азыркы абалда шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга, кароосуз калган жарандарга азык-түлүктөн жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.

Бүгүн, 2-апрелде вице-мэр Жасур Азимов демөөрчүлөр менен бирге ондон ашуун муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирди. Ал эми Южный кичи районундагы муктаж үй-бүлөлөргө 84 кап ун таратылды.

Мындан тышкары жеке ишкерлер шаардагы муниципалык аймактык башкармалыктар менен биргеликте азык-түлүктөн көмөк көрсөтүү иштерин улантышууда.

Окулду 440 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо