Бүгүн, 31-мартта КРнын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы чоң соода борборлорду кыдырды.
Анын негизинде “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный” соода борборлорунда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларын, алардын жетиштүүлүгүн текшеришти.
Вице-премьер-министр А. Мадумаров посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбой турганын белгилеп, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып тураарын айтты.
Шаар мэри аталган соода борборлордун жетекчилерине азык-түлүктөрдү буйрутма менен тургундардын үйлөрүнө жеткирип берүү кызматын жандандырууну сунуштады.
“Шаарда жайгашкан соода маркеттериндеги азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө жана баалардын туруктуулугуна анализ жүргүзүп турат. Бүгүнкү күндө маркеттерде жетиштүү азык-түлүктөрдүн запасы бар, баалары туруктуу жана кооптонууга негиз жок. Ошондой эле, дүкөндөргө товар алып келген фирмалар тоскоолдуксуз посттордон өткөрүлүүдө. Эң башкысы бардык азык-түлүк дүкөндөрү учурдагы абалга карабай өз иштерин улантып жатышат»-деди мэр Т. Сарыбашов.
Соода түйүндөрү коменданттык убакытка байланыштуу эрте менен саат 8:00 ден кечки 17:30 гө чейин туруктуу иштеп жатат.