Версия для печати
Воскресенье, 22 Март 2020 18:16

Ошто кырдаалга жараша керектүү кызматкерлер үчүн каттамдар ишке кирет

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында №1, №2-троллейбустук жана №12, №13-автобустук каттамдар күнүнө эрте менен жана кечинде каттай баштайт.

Мындай чечим кырдаалга жараша керектүү кызматтардын кызматкерлерин ташуу үчүн кабыл алынды. Көрсөтүлгөн убактагы каттамдар 23-марттан баштап ишке кирет.

Эрте мененки каттамдар: 1-рейс- саат 7:00, 2-рейс- саат 7:30, 3-рейс- саат 8:00дө. Кечки каттамдар: 1-рейс-18:00, 2-рейс-18:30, 3-рейс-19:00дө.

Аталган троллейбус жана автобустар көрсөтүлгөн убакыттарда акыркы токтоочу жайдан (конечная остановка) жөнөйт.

Окулду 320 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо