Бүгүн, 20-марттан тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана "Келечек" базары убактылуу жабылат.
Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө. Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштейт берет.
Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда. Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Алдын алуу боюнча даярдыктар шаар мэринин катуу көзөмөлүндө. Тийиштүү кызматтар 24 саат иш алып барууда.
Ал эми кандайдыр бир суроолор жаралса, Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берет.