Версия для печати
Четверг, 19 Март 2020 11:31

Оштогу ун комбинатка 210 тонна ун келди

Бүгүн, 19-мартта Ош шаарындагы «Тулпар» ун комбинатына 210 тонна ун келди.

Жакынкы күндө 650 тонна буудай келет. Зоводдун жетекчилигинин маалыматы боюнча, заводдо ун чыгаруу иштери уланууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 1-сорттогу 50 кг бир кап ун 1350 сомдон туруктуу баада сатылуусун көзөмөл кылууда.

Бүгүн шаардагы борбордук ун базарга 120 тонна, Кулатов кичи районуна 30 тонна, Фурхат айылында 30 тонна ун сатылды.

Эртең, 20-мартта Ош шаарынын 7 муниципалдык аймактык башкармалыгында ун сатыкка чыгат.

Окулду 322 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо