Бүгүн, 19-март күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев коомдук транспортторду, маршруттук каттамдарды текшерип, ар бир каттамдын акыркы аялдамасына барып айдоочуларга, каттамдын башчыларына, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Вице-мэр өз сөзүндө эл ташыган каттамдардын тазалыгы коронавирусту алдын алууга жана аны жайылтпоого өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп өттү.
"Ар бир айдоочу, каттамдын башчылары жүргүнчүлөр үчүн жооптубуз. Каттамга чыгаардын алдында СЭСтин кызматкерлери менен биргеликте унааларды тазалап, дезинфекциялап, айдоочулар бет кап тагып, каттамга чыгып иштейли. Тийиштүү талаптар аткарылбаса айдоочулар маршруттук линиядан четтетилет. Күн сайын коомдук, маршруттук каттамдарга рейд жүргүзүлүп, текшерилет",- деди вице-мэр.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги, учурда бет кап тигип жаткан "Мурас" тигүү ишканасы менен келишим түздү. Анын негизинде, көп жолу колдонууга мүмкүн болгон бет каптар буйрутма менен тигилип,маршруттук линияга чыккан кичи автобус, автобус жана троллейбустардын айдоочуларына таркатылат.
Мындан тышкары, жогорку жана орто окуу жайларга, мектеп, балдар бакчаларына берилген карантинге байланыштуу коомдук, кичи маршруттук каттамдардын саны азайып, айдоочуларга убактылуу нормадан ашык жүргүнчүлөрдү ташыбоо тапшырмасы берилди.