Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин тапшырмасынын негизинде шаарга кире бериш жерлерине ун сатуу жайлары уюштурулду.
Бүгүн, 19-март Фуркат айылында, Кулатов кичи райондорунда жана борбордук базарда ун сатылууда. Биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1350 сомдон туруктуу баада сатылууда.
"Тулпар" ун комбинатына 150 тонна ун жана 350 тонна буудай келип түшкөн. Жакынкы күндөрү 650 тонна буудай жана 150 тонна ундун келиши күтүлүп жатат
.
Белгилей кетсек, эртең 20-марттан баштап ун борбордук базарда гана сатылат. Коопсуздук жана башаламандыкты алдын алуу багытында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш жүргүзүүдө.