Версия для печати
Среда, 18 Март 2020 15:22

Ош шаарынын мэри беткап тигип жаткан кызматкерлер менен жолукту

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беткап тигүүнү колго алган “Дастан стиль” ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту.

Шаар мэри учурдагы кырдаалга байланыштуу беткап тигүүнү колго алган ишкананын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, кызматкерлердин азык-түлүккө болгон муктаждыгын чечип бере тургандыгын айтты.

“Мындай убакта ар бирибиз жалпы элибиздин ден соолугу үчүн кызмат кылышыбыз керек. Азыркы учурда эң биринчи беткап менен камсыздоо болуп жатат. Бул маселени чечүүдө сиздердин салымыңыздар чоң”,-деди мэр.

Аталган ишканада күнүнө 10 миңге чейин беткаптар тигилип, шаардагы дарыканаларда сатылууда. 

Окулду 591 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо