Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беткап тигүүнү колго алган “Дастан стиль” ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту.
Шаар мэри учурдагы кырдаалга байланыштуу беткап тигүүнү колго алган ишкананын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, кызматкерлердин азык-түлүккө болгон муктаждыгын чечип бере тургандыгын айтты.
“Мындай убакта ар бирибиз жалпы элибиздин ден соолугу үчүн кызмат кылышыбыз керек. Азыркы учурда эң биринчи беткап менен камсыздоо болуп жатат. Бул маселени чечүүдө сиздердин салымыңыздар чоң”,-деди мэр.
Аталган ишканада күнүнө 10 миңге чейин беткаптар тигилип, шаардагы дарыканаларда сатылууда.