Бүгүн, 13-мартта Ош шаарында турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата сыйлоо болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, комммуналдык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери, просоюздардын өкүлдөрү катышты.
Вице-мэр өз сөзүндө коммуналдык чарба кызматкерлеринин Ош шаары үчүн жасап жаткан эмгектери эбегейсиз экендигин белгилеп, кесиптик майрамы менен куттуктады.
Жыйындын алкагында, коомдук жүргүнчүлөрдү ташуу тармагы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жылуулук системалары, таза суу менен камсыздоо багытындагы өзгөчөлөнгөн кызматкерлер турак жай –коммуналдык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы жана ак ниет, үзүрлүү эмгеги үчүн Ош шаарынын мэриясы ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.
Мындан тышкары, профсоюздун өкүлдөрү да майрамга карата сыйлыктарын тапшырды. Кыргызстандын турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлеринин күнү март айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлүп келет.