Бүгүн, 10-мартта Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVII- сессиясы болуп өттү.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депуттаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Жыйында Ж.Ормонов шаардык кенешинин 4 жыл аралыгында аткарган иш-аракеттери тууралуу маалымат берип, Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттун бекитүү жөнүндө жана башка маселелер талкууланды.