Бүгүн, 6-март күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аз камсыз болгон жана мүмүкүнчүлүгү чектелген аялдар менен жолугуп, аларды майрамы менен куттуктады.
Калаа башчысы ден соолук каалап, энелер үчүн ар бир күн майрам болсун деген тилегин айтты.
Жолугушуунун алкагында айымдарга майрамдык белектер, гүлдестелер тапшырылды.