Версия для печати
Суббота, 15 Февраль 2020 08:55

Өмүр үчүн күрөш! Ошто 12 жаштагы Айжамалдын операциясы үчүн волейбол боюнча мелдеш өтүүдө

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарындагы “Рамазан” спорт клубунда аялдар арасында волейбол боюнча «Өмүр үчүн күрөш!» деген аталышта кайрымдуулук чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин расмий ачылышына ЖКнын төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, КРнын волейбол боюнча федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, «Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү жана ар тармакта эмгектенген айымдар катышты. 

Турнирге өлкөнүн бардык облустарынан 30га жакын команда катышууда.

Иш чаранынын максаты айымдар арасындагы ынтымакты бекемдеп, бири-бирине болгон колдоону арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу менен биргеликте, рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат.

Айжамал апасы менен баш сөөгүн алмаштыруу үчүн, Индия мамлекетинин Дели шаарындагы «Dharamshila Narayna Super Speciality Hospital» ооруканасында дарыланууда. Дарылоо оор болгондуктан операциясына 70 миң доллар керек экендигин аталган оорукана тарабынан билдиришкен.

Алгач Бишкек шаарында "Өмүр үчүн ойнойбуз" деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши аялдардын башын бириктирип, “Волейбол боюнча Орто Азиядагы аялдар лигасы” коомдук фондунун түптөлүшүнө шарт түзгөн.

Окулду 370 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо