Версия для печати
Вторник, 28 Январь 2020 05:03

Ош шаарына Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинен делегация келди

Бүгүн, 28-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Primary Health Care» улуттук ассоцациясынын президенти Толебай Рахыпбеков баштаган Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында Казакстандын «Primary Health Care» улуттук ассоцациясы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматашуу жөнүндө сөз болуп, медициналык кызматкерлер жана ооруканалар менен баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатында тажрыйба алмашуу боло тургандыгы кошумчаланды.

Окутуу үчүн келген делегациянын максаты баштапкы медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы стандарттары жана түрлөрү менен тааныштыруу болуп саналат. 

Окулду 367 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо