Версия для печати
Вторник, 31 Декабрь 2019 12:30

Ошто борбордук аянттагы Жаңы жылдык майрамга 13 жакын адам күбө болду

Бүгүн, 31-декабрь күнү Ош шаарында жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылып, белгилүү эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусунда чоң салтанат менен уланды.

 
Шаардагы окуу жайлар, көркөм чыгармачылык мектептер өнөрлөрүн көрсөтүшүп, Оштун эң алдынкы татанттуу балдар, кыздары шаардыктардын маанайын көтөрүштү. Кечки майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, жалпы шаардыктарды жана конокторду куттукташты.
 
“Бул жылы шаарыбызда көптөгөн жакшы жетишкендиктер жана ийгиликтер жаралды деп белгилөөгө болот. Өзгөчө 2019-жылда « Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деген наам алуу менен, маданий эстафетанын алкагында 20 дан ашуун эл аралык иш-чаралар шаарыбыздын тургундарынын түздөн –түз колдоосу менен өттү. Шаарга инвестиция тартуунун негизинде чет элдик ишкерлер менен биргеликте бир нече ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлдү. Ошону менен катар калаабызда ирригация, тазалык, жашылдандыруу, таза суу менен камсыздоо, жылуулук, курулуш, спорт жана маданият тармактарында да ири долбоорлор аткарылып жатат.
 
Шаарыбызда илим, билимге сугарылган, жаӊы заман менен бирге кадам таштаган мекенчил, намыстуу жаштарыбыздын, чыгаан спортчуларыбыздын катары көбөйүп, зор жеӊиштери жана ийгиликтери менен бизди сыймыктандыра алышты. Куттуу элибизге ден соолук, биримдик кутман жерибизге тынчтык тилейм! Ордолуу Ошубуздун ооматы өркүндөй берсин!
Дагы бир жолу жаӊы жылыӊыздар менен”-деди Т.Сарыбашов.
 
Майрамдык иш-чаранын алкагында жаңы жылдык салют атылып, жаштар үчүн бий кече менен уланды.
Жалпысынан борбордук аянтка 13 миңге жакын шаардыктар жана коноктор катышты.
Окулду 814 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо