Версия для печати
Четверг, 26 Декабрь 2019 12:09

Ошто мэрдин балатысына 600гө жакын бала катышты

Бүгүн, 26-декабрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Алтын балаты-2020 ” аталышында мэрдин балаты майрамы өттү. Мэрдин балатысына мектептин алдыңкы окуучулары, балдар үйүндөгү балдар, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелер келишти. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, наристелерге майрамдык маанай тартуулады. Аяз ата, аяз кыз,токой жаныбарлары менен биргеликте балдарга оюн-зоок программаларын көрсөтүлдү.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов балдарды куттуктап, ата-энелерди балдарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Мэрдин балатысына чакырылган 600гө жакын балага белектер тапшырылды.
Окулду 146 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо