Версия для печати
Вторник, 24 Декабрь 2019 21:56

Ош шаарындагы башкы балаты жанды

Бүгүн, 24-декабрь күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта концерттик программа уюштурулуп, балатыны жандыруу аземи болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары, жаштар катышты.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарын келе жаткан 2020-жаңы жыл менен куттуктап, борбордук аянтта 31-декабрга чейин майрамдык кече улана тургандыгын кошумчалады.

Иш-чара жаштарга арналган дискотека менен уланды.

 

Окулду 88 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо