Версия для печати
Пятница, 20 Декабрь 2019 08:59

Шаардык мэрия имарат бөлүп берип, Анар кичи районуна милиция бөлүмчөсү ачылды

Ош шаарынын Анар кичи районуна №5 шаардык милиция бөлүмчөсү ачылды.

Ачылыш аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов, өздүк курам жана аталган кичи райондун жашоочулары катышты. Шаар мэри кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мэрия тарабынан имарат бөлүп берилгенин айтып, милиция кызматкерлерин ар тараптуу колдоого кызыктар экенин билдирди.

№5 милиция бөлүмчөсү Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө карап, жыйырмадан ашуун милиция кызматкери иштейт.

 

Окулду 361 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо