Версия для печати
Четверг, 19 Декабрь 2019 13:24

Төлөйкөн айылына таза суу жеткирилди

Ош шаарына караган Төлөйкөн айылына алгачкы жолу ичүүчү таза суу жеткирилди. Тургундар буга чейин каналдан суу ташып ичип келишкен. Калкты таза суу менен камсыздоо максатында 400 м3 болгон суу кампасы курулуп, пайдаланууга берилди. Негизинен 4 көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушат.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган курулуш иштери менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана аталган айылдын тургундары таанышып чыгышты.

Өкмөт башчы М. Абылгазиев бардык калктуу конуштарды жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз кылуу колго алынганын айтып, өлкө башчысынын көзөмөлүндө иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

 

Окулду 122 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо