Версия для печати
Четверг, 19 Декабрь 2019 12:23

Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсү пайдаланууга берилди

Бүгүн, 19-декабрда Ош шаарындагы Аскар Шакиров атындагы көчө толук реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилди. Жолдун ачылышына Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана шаар тугундары катышты. Өкмөт башчы жолдорду оңдоого иштери республикалык бюджеттен, гранттардын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүп жатканын айтып, Ош шаары өз эсебинен жол оңдоп жатканын баса белгиледи.

“Жолдор – бул экономиканын күзгүсү. Алардын абалына жараша калктын жашоо деңгээлине баа берилет”,-деп кошумчалады М. Абылгазиев.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын, 2020-жылы да жолдорду оңдоо планы коюлганын билдирди.

Андан соң жалпы элдин катышуусунда жолдун кызыл тасмасын кесип, пайдаланууга берилди. Жолдун узундугу 2,4 км, кеңдиги 20 метрди түзөт. Эки тарабына тротуар курулуп, дарактар эгилди. Жолду оңдоодон алдың жер астындагы коммуналдык түтүктөр алмаштырылып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылган. Мындан тышкары жаңы 11 аялдама курулду. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Окулду 140 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо