Версия для печати
Среда, 18 Декабрь 2019 10:21

Ош шаарында эл аралык жумуш жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн, 18-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин имаратында мигранттардын күнүнө карата ири эл аралык жумуш жарманкеси болуп жатат. Анда дүйнөнүн 15 мамлекетинен келгене ишканалар, 3000ге жакын бош жумуш орундарын сунушташууда.

Жарманкенин расмий бөлүгүнө Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, Өкмөттүн мамлекеттик миграция комитетинин төрагасы Болотбек Ибраимжанов жана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышып, жарманкеге катышып жаткандарга ийгиликтерди каалашты.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасы Болотбек Ибраимжанов азыркы тапта чет жактарда иштеп, жашап, окуп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны миллиондон ашуун экени айтып, негизги агым Россия Федерациясында жана Казакстанда экендигин кошумчалады. 
Ошондой эле, акыркы учурда Турция жана Америка Кошмош Штаттарында да кыргызстандык мигранттардын көбөйгөндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, эл аралык жумуш жарманкеси 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, кечки саат 4гө чейин уланмакчы.

Окулду 324 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо